YTB жаңы муундун түрк тилин жана маданиятын үйрөнүүсүнө салым кошууда

Жолугушуу жана иликтөөлөрдү жасаш үчүн Канаданын Торонто шаарына баран Эрен, өзүн коштогон делегация менен босняктарга таандык мечит жана коомчулуктун борбору менен таанышты.

1275548
YTB жаңы муундун түрк тилин жана маданиятын үйрөнүүсүнө салым кошууда

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) башчысы Абдуллах Эрен, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) жаңы муундун Түрк тилин жана маданиятын үйрөнүүсүнө салым кошконун айтты.

Жолугушуу жана иликтөөлөрдү жасаш үчүн Канаданын Торонто шаарына баран Эрен, өзүн коштогон делегация менен босняктарга таандык мечит жана коомчулуктун борбору менен таанышты.

Түркиянын Торонтодогу башкы консулу Синем Минган жана Торонто билим берүү атташеси Бүлент Чифтчи менен башкы консулдукта Түрк коомчулугуна таандык коом жана фонддордун өкүлдөрү менен өз-өзүнчө жолугушкан Эрен, андан соң Анадолу Ислам маданияты борборуна өтүп ал жердин башкаруучулары менен жолукту.

Анадолу Ислам маданияты борборунун башчысы Асым Хожа, борборлорунун Канадада Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы менен биргелеше долбоорлорду ишке ашырган жарандык коомдук уюм экенин айтты.

Хожа, жаңы мезгилде да Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы(YTB) колдогон долбоорлор менен түрк жана башка коомчулуктардан жаштарды тартып программаларды уюштура тургандарын айтты.

Эрен, бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) иштери жана долбоорлору тууралуу маалымат берди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын «Дүйнө бештен чоң» деген билдирүүсү менен кайрадан үмүттөнгөн карапайым улуттардын үндөрүн дүйнөгө угузган Түркияга эми жүздөрүн бурганын түшүндүргөн Эрен: «Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) да жүзүн Түркияга бурган улуттардын мекемеси болуп саналат. Чет өлкөдө жашаган түрктөрдүн эң маанилүү маселелери, жаңы муундун Түрк тили жана маданиятын үйрөнүүсү болуп саналат. Даярдаган долбоорлор менен бул маселенин болушунча жеңилдешине салым кошуудабыз»,-деди.

Эрен, Канаданын жалпысында ар башка коомчулук жана фонддор менен ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыргандарын эске салып, быйыл дагы көп долбоорду ишке ашырууну каалагандарын кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар