Аспендос опера жана балет фестивалы гала концерти менен аяктады

Концерттин оркестр дрижерлугун атактуу итальян дрижеру Фабрицио Мария Карминати аткарды.

1272890
Аспендос опера жана балет фестивалы гала концерти менен аяктады

Маданият жана туризм минстрлигинин опера жана балет башкы директорлугу тарабынан Аспендос байыркы театрында өткөрүлгөн Эл аралык 26-Аспендос опера жана балет фестивалы кечээки гала концерти менен аяктады.

Кармен, Бий шамалдары, Куулу Көл, Аида жана Троя сыяктуу чыгармалар сахнага коюлган фестивалдын акыркы күнүндө, Мамлекеттик опера жана балет башкы директору, башкы көркөм өнөр режиссеру жана тенор Мурат Карахан дагы солист катары сахнага чыккан гала концерти коюлду.

Концерттин оркестр дрижерлугун атактуу итальян дрижеру Фабрицио Мария Карминати аткарды.

Фабрицио Мария Карминатини Антальянын Мамлекеттик опера жана балет оркестри коштоду.

Концертте Карахан менен катар атактуу солисттер баритон Эралп Кыйыжы, сопрано Ангелина Ахмедова жана меззосопрано Анатасия Болдырева көргөндөргө унутулгус кече тартуулашты.

Концертти көп сандаган жергиликтүү жана чет элдик турист көрдү.



Тектеш кабарлар