Чоң чабуулдун 97 жылдыгы
Боштондук согушунун билиги Афионкарахисарда тамызылды
1259558
Түркиянын көз карандысыздык күрөшүнүн бурулуш жерлеринен Чоң чабуулдун 97 жылдыгы майрамдалды.
Чоң чабуул мындан толук 97 жыл мурда 1922-жылы 26-августта Афионкарахисарда башталган.
Гази Мустафа Кемал Ататүрк, Афионкарахисардагы штабында Боштондук согушунун билигин тамызды.
1922-жылы 26-августта башталган Чоң чабуулду эскерген эл Афионкарахисарда түнү менен жүрүштү.
Уюштурулган «Жеңиш жүрүшүнө» Түркиянын төрт тарабынан келген миңдеген адам катышты.
Жеңиш жолундагы жүрүш, фейерверк атуулар менен башталды.
Кары-жаш дебестен 7ден-70 жашка дейре ар ким шейиттер жана аталары үчүн Кожатепени көздөй жүрүшкө чыкты.
Жүрүштө атуулдарды Боштондук согушу убагында колдонулган кийимдерди кийген аскерлер да коштоп келишти.