Женнифер Лопез Түркия концерти тууралуу маалымат бөлүштү

Лопездин "Beautiful show last night in Turkey" деген бөлүшүүсү 11 саатта 4, 5 миллиондон ашуун киши тарабынан көрүлдү.

1250226
Женнифер Лопез Түркия концерти тууралуу маалымат бөлүштү

Анталияда сахнага чыккан, дүйнөгө белгилүү ырчы Женнифер Лопездин концерти тууралуу социалдык медиа эсебинен берген маалыматы 11 саатта 4, 5 миллиондон ашуун киши тарабынан көрүлдү, он миңдеген  комментарий алды.

6 -  августта күйөрмандары менен жолугушкан Женнифер Лопездин бөлүшүүсү Анталия жана Түркиянын таанытылышына салым кошту.

Ырчынын 98 миллион подписчиги болгон социалдык медиа эсебинен Анталия этикеткасы менен "Beautiful show last night in Turkey" деп жазган бөлүшүүсү чоң кызыгуу көрдү.

Бөлүшүүнү кыска убакытта 4, 5 миллиондон ашуун киши көрдү, 14 миңге жакын комментарий жазылды. Ырчынын түрк күйөрмандарынан кээ бирлери «бөлүшүүнүн кеч жана жетерсиз экендигин» жазса бир тобу Лопезге суктангандыгын жана койгон концерти үчүн Түркияны тандагандыгына ыракмат айтышты.



Тектеш кабарлар