Египетте “Түркчө сүйлөшүү, жазуу жана которуу” курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

Сертификат тапшыруу аземине Каирдеги “Юнус Эмре” институтунун жетекчиси Эмин Бойраз, Түркиянын Каирдеги элчилигинин билим атташеси док. Шабан Караташ, соода атташеси Мехмет Гүнеш, бүтүрүүчүлөр жана башка коноктор катышышты.

1245132
Египетте “Түркчө сүйлөшүү, жазуу жана которуу” курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

Египеттин борбору Каирде “Юнус Эмре” институту тарабынан уюштурулган “Түркчө сүйлөшүү, жазуу жана которуу” аталышындагы жайкы курстун 125 бүтүрүүчүсүнө сертификаттар тапшырылды.

Сертификат тапшыруу аземине Каирдеги “Юнус Эмре” институтунун жетекчиси Эмин Бойраз, Түркиянын Каирдеги элчилигинин билим атташеси док. Шабан Караташ, соода атташеси Мехмет Гүнеш, бүтүрүүчүлөр жана башка коноктор катышышты.

Институттун жетекчиси Бойраз,  аземде сүйлөгөн сөзүндө  Египетте түркчө билгендер үчүн билим алуудан баштап, жумуш табууга чейин бир канча мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирип,

“Институтубузда түркчө үйрөнгөндөр, эртең эки өлкө ортосундагы мамилеге көпүрө болот”,- деди.

Билим берүү атташеси Караташ, Каирде “Юнус Эмре” институту Туркия менен Египет ортосунда маданий тармакта чоң деңгээлдеги иштерди жасагандыгын белгиледи.

 Караташ: “ Түркчө үйрөнүү бир гана тил билүү эмес, билим алуудан жумуш табууга чейинки бир катар тармакта мүмкүнчүлүктөргө түркчө үйрөнүү менен жетсе болот. Туркиядагы ар турдүү университеттердин жана башка уюмдардын берген стипендиялары түзүлгөн шарттардын бир гана бөлүгү”,-деп айтты.

Программада студенттер менен болгон баарлашуусунда  Соода атташеси Гүнеш, Египет Туркиянын эң көп соода жүргүзгөн өлкөсү экенин  билдирип, эки тараптуу соода көлөмүнүн өзгөчө акыркы жылдарда артканын айтты.

Эки өлкө ортосундагы соода көлөмүнүн 2018-жылы рекордго жеткенин эске салган Гүнеш, Туркиянын Египетке эң көп инвестиция салганын, түркчө билген египеттиктерге күн өткөн сайын муктаждыктын көбөйүп жаткандыгын билдирди.

Аземде түркчө ыр ырдаган, көркөм окуган бүтүрүүчүлөргө атайын чакырылган коноктор сертификаттарын тапшырды.



Тектеш кабарлар