YTB Түркчө сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү белгиленди

YTB Түркчө сыйлыктары сынагына жөнөтүлгөн чыгармалардын техникалык иликтөөлөрү аяктады жана Тандоо кеңешинин мүчөлөрү жарышта даражага ээ болгондорду белгиледи.

1242632
YTB Түркчө сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү белгиленди

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB), чет өлкөдө жашаган атуулдардын Түрк тили билимин жогорулатуу жана аларды адабият жаатында шыктандыруу максаты менен уюштурган «YTB Түркчө сыйлыктары сынагынын» жеңүүчүлөрү белгиленди.

YTBдан жасалган жазуу түрүндөгү жарыяга ылайык, быйыл алгач ирет уюштурулган жана кайрылуу процесси 28-февралда башталып 14-майда бүткөрүлгөн YTB Түркчө сыйлыктары сынагына жөнөтүлгөн чыгармалардын техникалык иликтөөлөрү аяктады жана Тандоо кеңешинин мүчөлөрү жарышта даражага ээ болгондорду белгиледи.

Чет өлкөдө жашаган атуулдардын эне тил темасындагы билимдерин жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүн арттыруусу жана Түркчөнү турмуштарынын бардык тармактарында таасирдүү түрдө колдонуусу үчүн маалыматтандырууну максаттаган сынак, «аңгеме, ыр, ой-толгоо жана китеп жазууну колдоо» болуп 4 номинацияда уюштурулду.

Буга караганда сынактын аңгеме номинациясында Хижран Эрдим (Нидерландия) биринчилик, Аслы Кая (Швейцария) экинчилик, Мехмет Болат (Германия) жана Румея Бөрекчи (Австрия) үчүнчүлүк сыйлыгын алышса, Элиф Зехра Кандемир (Германия) жана Гүл Инже (Италия) калыстар тобунун атайын сыйлыгына ылайык көрүлдү.

Сынактагы ыр номинациясында болсо Тандоо кеңешинин чечими менен Нуман Икут Айваз (Германия), Небийе Хилал Шан (Германия), Өмер Генжер (Германия), Эртегрул Сабунжуга (Германия) орун бербестен калыстар тобунун атайын сыйлыгы берилишине чечим чыгарылды.

Ой-толгоо номинациясында сыйлык алууга укуктуу болгон талапкерлерден биринчиликти Бүшра Акйүз (Франция), экинчиликти Женнет Чим (Франция), үчүнчүлүктү Сена Шекер (Австрия) жана Билге Чимен (Германия) менен калыстар тобунун сыйлыгын Белкыс Кылыч (Австрия) алды.

Китеп жазууну колдоо номинациясында Австралиядан Казым Атеш сыйлык алууга ылайыктуу болсо, ар кайсы өлкөлөрдөн 87 талапкер YTB Жазуучулук академиясына катышуу укугуна ээ болду жана Түрк адабияты китеп комплектисин алды.



Тектеш кабарлар