Бишкекке Стамбулдан велосипед тээп келген спортчу

Дене тарбиясы мугалими 35 жаштагы Мустафа Аксой, Бишкекте маалымат берди.

1239643
Бишкекке Стамбулдан велосипед тээп келген спортчу

Стамбулдан Бишкекке 80 күн бою педаль күүлөп олтуруп жеткен Мустафа Аксой: "Эне мекенден Ата мекенге велосипед тээп барууну 10 жыл бою кыялдандым. Кыялымды 5 миң 747 чакырым жолду басып өтүп ишке ашырдым",-деди.

Дене тарбиясы мугалими 35 жаштагы Аксой, Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте берген маалыматында "Теңир тоого саякат" деп атаган Стамбулдан Бишкекке чейинки сапарын түшүндүрдү.

Аксой 10 жыл мурда Түркия түрктөрүнүн алгачкы мекени болгон Орто Азиянын табигый кооздугу, тарыхы жана адамдарына кызыгып Кыргызстанга велосипед тээп барууну кыялдана баштаганын айтты.

Аксой, күнүгө 85 чакырым жол тартып олтуруп 80 күндө Бишкекке жеткенин маалымдады.

Аксой саякаты убагында Түркиядан баштап Грузия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан өттү.

Барган жерлеринде өзүн чоочун сезбегенин түшүндүргөн Аксой, жаңы долбоорунун Бишкектен Ысык-Көлгө велосипед тээп барып Каракол шаарына жакын жердеги  7  миң метр бийиктиктеги Теңир Тоого чыгуу экенин түшүндүрдү.

Кыялдануусун ишке ашыруунун кубанычына бөлөнгөн Аксой, Бишкектеги маанилүү жерлерге учурагандан кийин Ысык-Көлдү көздөй бет алды.

 


Этикеткалар: #Бишкекте , #Кыргызстан

Тектеш кабарлар