Саламат Садыкова Анталияга келет

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова Анталия шаарына келет.

1231684
Саламат Садыкова Анталияга келет

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова Анталия шаарына келет. Мекендештер тосуп алыңыздар!

Кадырлуу Кыргыз калкым! Дагы бир сүйүнүчтүү кабарыбызбар! Бата бериңиздер! 12-июль күнү Анталия шаарында боло турган "Ак-Деңиз кечинде Кыргыз маданияты жана Манас эпосу" кечеси күнү булбулубуз, легендабыз, примадоннабыз Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтолул Сатылганов атындагы сыйлыктын ээси Саламат Садыкова келээри жөнүндө кабарлагыбыз келди. 
Бул күнү чыныгы Кыргыз музыкасын, анын дүйнөсүн өзү менен ташып жүргөн мындай өнөр адамдары кечени нурдантышат! Андыктан бул күндү өткөрүп жиберүү мүмкүн эместигин унутпаңыз! 

Дареги: Анталия шаары, Муратпаша муниципалитетинин концерттик залы (Ларага келип "Терра Сити" соода борборунун жанындагы Муратпаша беледиесине келесиз)

Башталышы: саат: 19:00
Байланыш телефондору: 0552 255 90 95
Кирүү акысыз! 
Терең урматтоо менен "Кыргыз эли" коомунун башчысы Рысгүл Кадырова жана жалпы жамааты
Маданият жана маалымат бөлүмү 
Анталия шаары, 04.07.2019


Этикеткалар: #Саламат Садыкова

Тектеш кабарлар