Түркия-жашоо жана иштөө үчүн дүйнөдөгү эң мыкты 7-өлкө

HSBC тобу, 163 өлкөдөн 18 миңдан ашуун чет элдик жумушчунун ой-пикирин угуп ишке ашырган «Expat Explorer» сурамжылоосунун жыйынтыктарын жарыялады.

1230411
Түркия-жашоо жана иштөө үчүн дүйнөдөгү эң мыкты 7-өлкө

Түркия-жашоо жана иштөө үчүн дүйнөдөгү эң мыкты 7-өлкө болуп тандалды.

HSBC тобу, 163 өлкөдөн 18 миңдан ашуун чет элдик жумушчунун ой-пикирин угуп ишке ашырган «Expat Explorer» сурамжылоосунун жыйынтыктарын жарыялады.

Сурамжылоо, өлкө сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү жашоо сапаты, иш-атайын жашоо тең салмактуулугу, финансылык кирешеси жана үй-бүлө жашоосу жагынан иликтейт.

Иликтөөгө караганда Түркиядагы чет элдик жумушчулардын 62 пайызы жашоо сапатынын өз өлкөлөрүнө караганда жогорулаганын белгилеген.

Түркиядагы чет элдик жумушчулардын 52 пайызы карьерасына, хоббилерине же үй-бүлөсүнө кароого дагы көп убакыт тапканын, 55 пайызы дагы жакшы үй же автомобиль сыяктуу каалоолорун ишке ашыра алганын, 69 пайызы болсо өзүн ишеничтүү сезгенин жана жергиликтүү калктын жанга жакын болгонун белгилеген.

Чет элдик жумушчулардын 60 пайызы өз өлкөлөрүнө салыштырмалуу Түркияда жумуш-жеке турмуш тең салмактуулугунун дагы жакшы болгонун белгилеген.

Муну менен катар чет элдик жумушчулардын 59 пайызы дагы көп саякат кылганын, 57 пайызы болсо сууга чумкуу, чет тил же тамак жасоо сыяктуу жаңы жөндөмдүүлүктөргө ээ болгонун белгилешкен.

Түркиядагы чет элдик жумушчулардын 72 пайызы жашаган шаарынын архитектуралык түзүлүшү, эстеликтер жана парктар, тарыхый жана маданий түзүлүш жагынан бай экенин айтышкан. Муну менен катар 63 пайызы жашаган шаарынын саякат үчүн борбордук абалда болгонун, 59 пайызы болсо шаарда жандуу маданий турмуш болгонун белгилешкен.

Чет элдик жумушчулардын 58 пайызы болсо жакшы ресторандар жана сапаттуу тамактар бар экенин маалымдашкан.



Тектеш кабарлар