Түркияда билим алган эл аралык студенттердин бүтүрүү кечеси бүгүн болот

Түркиянын ар кайсы университеттеринде бакалавриат, магистратура жана докторантура деңгээлинде билим алган эл аралык студенттер болсо окууларын бүтүргөндөн кийин өлкөлөрүнө кайтып коомчулуктарынын өнүгүүсүнө салым кошууда.

1229391
Түркияда билим алган эл аралык студенттердин бүтүрүү кечеси бүгүн болот

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармылыгы (YTB) тарабынан салттык түртө өткөрүлгөн Эл аралык студенттердин бүтүрүүчүлөр аземинин сегизинчиси бүгүн президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда Анкаранын соода палатасынын Конгрессиум борборунда өтөт.

Акыркы жылдарда маанилүү билим берүү базасына айланган Түркия, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармылыгынын (YTB) «Түркия стипендиялары» программасы менен дүйнөнүн төрт тарабынан келген эл аралык студенттерге жогорку билим берүү жаатында билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Түркиянын ар кайсы университеттеринде бакалавриат, магистратура жана докторантура деңгээлинде билим алган эл аралык студенттер болсо окууларын бүтүргөндөн кийин өлкөлөрүнө кайтып коомчулуктарынын өнүгүүсүнө салым кошууда.

Түркияда өткөргөн ийгиликтүү билим алуу турмушунан кийин бүтүрүү кечесинин толкундануусунда турган студенттер аземден кийин өлкөбүз Түркия менен коштошот.

Бул учурда Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармылыгы (YTB), Түркияда алган билимдеринен кийин өлкөсүнө кайткан бүтүрүүчүлөрдү жалгыз калтырбайт.

Дүйнөнүн чар тарабында Бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуулары программалары уюштурулуп байланыштары күчтөндүрүлөт, өлкөлөрдүн ортосунда саясий, маданий, экономикалык жана соода карым-катнаштарына салым кошот.

Түркиянын көңүл элчилери болгон «Түркия бүтүрүүчүлөрү» да 160 өлкөдө 150 миңге жакын мүчөсү менен чоң үй-бүлөнү түзүп турат.



Тектеш кабарлар