Президент Эрдоган Японияда "Ара Гүлер фотография көргөзмөсүн" ачат

«Ара Гүлер фотография көргөзмөсү» Лондон жана Парижден кийин үчүнчү аялдамасы болгон Киотодо өнөр сүйүүчүлөр менен жолугушат.

1226925
Президент Эрдоган Японияда  "Ара Гүлер фотография көргөзмөсүн" ачат
Ara Güler

Президент Р. Т. Эрдоган 30 -  июнда Япониянын Киото шаарында өткөн жылы каза болгон фотография өнөрпозу жана фото кабарчы Ара Гүлердин чыгармалары орун алган көргөзмөнү ачат.

Президенттиктин коммуникация төрагалыгынан берилген маалыматка караганда өнөрпоздун чыгармаларын дүйнөнүн маанилүү шаарларына алып баруу үчүн ишке ашырылган «Ара Гүлер фотография көргөзмөсү» Лондон жана Парижден кийин үчүнчү аялдамасы болгон Киотодо өнөр сүйүүчүлөр менен жолугушат.

Лондон жана Парижде чоң кызыгуу көргөн көргөзмө бүткүл дүйнөнүн көңүлү Японияга бурула турган Чоң жыйырмалар саммити менен бирге Киотонун 800 жылдык тархый жери Тофуку  - жи храмында президент Эрдоган тарабынан ачылат.

Көргөзмө 30 -  июнь жана 10 -  июль күндөрү ачык болот.

Президент Эрдогандын сөзү менен даярдалган жана андан мурда Британия менен Францияда өлкөлөрдүн өз тилдери менен окурмандарына жеткирилген китеп Японияда да түркчө – англисче – япончо болуп үч тилди камтыган атайын  нускасы менен Чоң жыйырмаларга барган мамлекет башчыларына белек кылынат.

Ара Гүлер фотография көргөзмөсү Япониядан кийин БУУнун Жалпы Кеңеши менен бирдей күндөрдө сентябрь айынын акырында Нью – Йоркто Street Smithsonian Улуттук Америка жергиликтүү музейинде көрүүчүлөргө ачылат.

Көргөзмө 2020 -  жылы январь айында Римде Трастевер музейинде жана андан кийин Могадишодо Түркия республикасынын элчилигинде  өнөр сүйүүчүлөр менен жолугушат.



Тектеш кабарлар