Нью Жерсиде эбру көргөзмөсү ачылды

Көргөзмө 16 - 27 - июнь күндөрү ачык болот.

1219684
Нью  Жерсиде эбру көргөзмөсү ачылды

АКШда түрктөр көп жашаган аймактардан болгон Нью  Жерсинин Патерсон шаарында ачылган эбру көргөзмөсү чоң кызыгуу көрдү.

Түрк эбру өнөрү ательеси тарабынан Патерсон музейинде ачылган «Йансымалар» башкача айтканда «Чагылуулар» аттуу көргөзмөдө  Патерсон мэри Андре Сайег, Проспект Парктын мэри Мохамед Т. Хайрулла, аймактагы жергиликтүү өкүлдөр, түрк жана америкалык өнөр сүйүүчүлөр катышты.

Түрк эбру өнөр ательесинин куруучусу жана көргөзмөнүн уюштуруучусу сыйлыгы эбру өнөрпозу Рабиа К. Гүндогду 13 окуучусу менен АКШда ачкан бул биринчи көргөзмөдө 50 чыгарманын көргөзмөгө чыккандыгын белгиледи.

АКШда 2017 -  жылдан бери эбру өнөрү тууралуу сабак берген Гүндогду : «Салттык усулдар менен чебер  - үйрөнчүк карым – катнашы менен бул өнөрдү АКШда жашатууга, үйрөтүүгө жана дагы көп кишиге жеткирүүгө аракет кылуудабыз»,- деди.

Патерсон мэри Сайег да көргөзмөнү абдан жактыргандыгын белгилеп : «Бири биринен кооз, мыкты эмгектер. Суктандым. Түрктөргө суктанам, баарын мыкты жасап жатышат»,- деди. Сайегге осмондук чепкенинин оймосу түшүрүлгөн эбру белекке берилди. Көргөзмө 16 – 27 -  июнь күндөрү ачык болот.



Тектеш кабарлар