Түрк дүйнөсүн чогулта турчу иш-чара өтөт

Шаан-шөкөт 6-7-июлда өткөрүлөт.

1215744
Түрк дүйнөсүн чогулта турчу иш-чара өтөт

 

Хатайдын Йайладагы районунда 6-7-июлда өтө турган "Мусулман түрк дүйнөсүнүн жолугушуусу" иш-чарасына 19 өлкөнүн катышаары күтүлүп жатат.

Мусулман түрк дүйнөсү платформасынын төрагасы Исамаил Йылдырым жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сентябрь айында биринчисин уюштурушкан бул иш-чарада миңдеген кишини Йайладагыда тосуп алгандарын белгиледи.

Өткөн жылдагы шаан-шөкөт үчүн жасалган 11 миң 500 чарчы метрдик ай жылдыз фигурасынын көлөмү быйыл 12 миң 500 чарчы метр боло турганын айткан Йылдырым: «Хатайдын Йайладагы районунда 6-7-июлда өтө турган шаан-шөкөткө 19 өлкөнүн катышаарын күтүп жатабыз. Иш-чараларда түрк маданиятын чагылдырган ар кандай программалар менен катар, ат менен шоу көрсөтүү, аба күрөшү, жаа атуу жарышы, мехтеран тобунун концерти жана ар түрдүү түрк топторунун өнөрлөрү көрсөтүлөт»,-деди.

Йылдырым Мусулман түрк элдеринин бир жүрөк экенин баса белгилеп, ортодогу байланыштарды дагы да бекемдөө үчүн өткөрүлө турган бул шаан-шөкөткө баардык түрк дүйнөсүн чакыргандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар