Түркияда Орозо айт майрамы...

Рамазан айынын аякташы менен орозо айт майрамы бүткүл мусулмандарды кубанычка бөлөдү.

1213754
Түркияда Орозо айт майрамы...

1 айга созулган Рамазан айы аяктагандан кийин дүйнөнүн төрт тарабындагы мусулмандар кубанычтуу майрамдаган, бул Орозо айт майрамы, баарыбызга куттуу болсун!
Орозо айы 11 айдын султаны деп аталат. Мусулмандар бир ай бою эртеден кечке тамак жебей, суу ичпей Аллаа Таалага ибадат кылып, өздөрүн ар түрдүү күнөөдөн арылтууга аракет кылышты. Эми Рамазан айынын аякташы менен орозо айт майрамы бүткүл мусулмандарды кубанычка бөлөдү. 
Майрам алгач үйлөрдө башталат. Эртең менен айт намазын кылуу үчүн эркектер мечитке жөнөйт. Үйдүн улуулары балдарын уйкудан ойготуп, жылуу маанай тартуулап, эң жакшы кийимдерин кийишет. Даарат алынгандан кийин, алгач мечитте бир катарда намаз окуу менен майрам уланат. Мечиттен үйлөрүнө баратканда кезиккен тааныштары бири-бирин майрамы менен куттукташат. Ал эми үйүндө болсо кубаныч эбак эле башталган . Мечиттен кайтып келгендер үчүн тамак даярдалып, чай демделет. Үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирин куттуктагандан кийин, дастаркондун тегерегине отуруп, бардыгы чогуу тамактанган соң, алыста жашаган туугандары болсо үй-бүлөнүн улуулары аларды телефон аркылуу байланышып куттукташат. Ал эми өзүнчө жашаган болсо, эң биринчи ата-энелерине барып, кубанычын тең бөлүшөт.
Майрамдык белектер жана таттуулар сунулат. Жылуу маанайдагы сүйлөшүүлөрдөн соң жакын жердеги улуулардын үйлөрүнө барат. Келген конокторго атайын даярдалган таттуунун түрлөрү тартууланып, улуулар кичүүлөр менен ал-акыбалдарын сурашып, жакшы маанайда маектешип отурушат. 
Майрам- адамдар бири-бирлерине болгон сүйүүсүн бөлүшкөн күн болуп саналат. Тааныган же тааныбаган кишилерди да майрамы менен куттуктап сүйүүбүздү билдирсек, бир тараптан аларды кубантып, экинчи тараптан мусулман болуунун сыймыгын да бөлүшкөн болобуз. Таарынычтар жазылган майрам күндөрү болсо эч качан унутулбайт. Бираз улгайып калгандар бала чагындагы майрамдарды эстеп: «Кайда эски майрамдар. Ал учурдагы достуктар, кубанычтар, ал күндөр... бүгүн болсо жок»,- деп капа болушат. Ал эми балдар майрамдарда өздөрүнө алынган жаңы көйнөктөрдү, бут кийимдерди кийип, майрамды башкача өткөрүшөт . Алар тааныган же тааныбаган деле каалгаларды черткилеп айттап барганда берилген таттуулардын даамы алар үчүн унутулгус болуп калат. Балким чоңойгондо алар да: «Биздин бала чактагы майрамдар өзгөчө сонун эле. Азыр кайда ошол майрамдар»,- деп айтышы мүмкүн.
Албетте Ислам дүйнөсүнүн ар бир жеринде бул майрам, кубанычтуу майрамдалууда. Уйгурлардан Палестинага чейин, Сирия жана Иракка чейин, Индонезия менен Африкага чейин жайылган кеңири аймакта зулумдукка дуушар болгон, өз дининде эркин жашай албаган Мусулман дүйнөсүнө ар дайым колдоо көрсөтөбүз. 
Майрамдарда багар-көрөрү жокторду, жетимдерди жана жакырларды да унутпашыбыз керек. Бериле турчу садагалар кичине болсо да балким алардын майрамды кубанычтуу белгилешине себеп болот. Аларды сүйүнтүү биздин милдетибиз. 
Орозо айт майрамыбыз бүткүл Ислам ааламына куттуу болсун! 



Тектеш кабарлар