Түркия ар дайым болгону сыяктуу Крым татарларын бүгүнкү күндө да колдоодо

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) башчысы Абдуллах Эрен, Крым татарларынын сүргүнүнүн 75 жылдыгына арналган программада сөз сүйлөдү.

1206676
Түркия ар дайым болгону сыяктуу Крым татарларын бүгүнкү күндө да колдоодо

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) башчысы Абдуллах Эрен, Түркиянын ар дайым болгону сыяктуу Крым татарларынын күрөшүүсүндө бүгүнкү күндө да жанында экенин айтты.

Крым татар сүргүнүнүн 75 жылдыгынан улам Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы менен Крым Түрктөрү маданият жана көмөктөшүү коомунун кызматташуусунда бир мейманканада өткөрүлгөн программадан кийин сөз сүйлөгөн Эрен, Крым татарларынын 1944-жылда туш болгон сүргүндүн аң-сезимде унутулбай сакталышы үчүн аракет кылынганын белгилеп өттү.

Эрен: «Акыркы 200 жылда, цивилизациябызды караганыбызда Осмон мамлекетинин кулашынан кийин чоң кыйынчылыктарды тартканын көрүүдөбүз. 19-кылымдын акыры, 20-кылымдын башында Балкан, Кавказ аймактарында, Түндүк Африкада, Жакынкы Чыгышта чоң апааттар болгон»,-деп айтты.

Абдуллах Эрен, 20-кылымдын да кайгыларга күбө болгонуна көңүл буруп: «Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы катары эртеңкиге дагы жакшы дүйнө калтыруу максаты менен цивилизация, маданият бассейндерин коргоп калыш үчүн биз туш болгон орток кыйынчылыктарды, кайгыларды, тагдырларды эстөөнү милдет катары эсептейбиз»,-деп айтты.

Программада Украинадан, Крымдан конокторду жана сүргүндүн тирүү күбөлөрүн угуу мүмкүнчүлүгүн тапкандарын, өтмүштө кайсы кайгылардын жана кыйынчылыктардын болгонунун, сүргүн күндөрүндө эмнелерге күбө болгондору көз алдыга жайылганын айткан Эрен, Сталин мезгилинде 1944-жылы жарым миллионго жакын адамдын Советтер тарабынан сүргүнгө айдалганын белгилеп өттү.

Эрен, сүргүндө каза болгондорду эскерүү жана чоң аталарынын эмнелерге дуушар болгонун небере-чөбөрөлөрүнө көрсөтүш үчүн ушул программаны уюштургандарын айтты.

Болуп өткөн кайгы тартуулардын эртеңки күндөргө сабак болушун үмүт кылгандарына басым жасаган Эрен: «Крым татар түркү боордошторубуздун күрөшүүсү саясий, маданий, социологиялык, экономикалык жактан уланууда. Аң-сезимди тирүү, жандуу кармоонуу улантабыз. Түркия ар дайым болгону сыяктуу Крым татарларынын күрөшүүсүндө бүгүнкү күндө да жанында. Президент Режеп Таййип Эрдоган дагы жасалган иштерге көмөк көрсөтүүсүн программабызга жөнөткөн телеграфта дагы бир жолу көрсөткөн болду»,-деди.



Тектеш кабарлар