Ататүрктүн Улуттук боштондукту баштоо үчүн Самсунга келүүсүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар

19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы бүтүндөй өлкөдө, тышкы өкүлчүлүктөрдө жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында аземдер менен майрамдалды.

1204021
Ататүрктүн Улуттук боштондукту баштоо үчүн Самсунга келүүсүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар
19 mayis3.jpg
19 mayis2.jpg
samsun bayrak yuruyus1.jpg
samsun bayrak yuruyus.jpg
19 mayis1.jpg

Бүгүн улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн Улуттук боштондукту баштоо үчүн Самсунга чыгуусунун 100 жылдыгы...

19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы бүтүндөй өлкөдө, тышкы өкүлчүлүктөрдө жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында аземдер менен майрамдалууда.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынан улам Аныткабирге зыярат кылды.

Ататүрктүн жаркын элесине таазим кылган министр жана аны коштогондор, мавзолейге гүлчамбар коюп таазим кылды.

Андан соң Аныткабирдин атайын дептерине кол койгон Касапоглу: «Акыркы демибизге чейин өлкөбүздү, мекенибизди коргой турганыбызга жана билигин жаккан боштондук рухун жашата турганыбызга убада беребиз»,-деди.

Стамбулда да 19-Майдан улам Таксимдеги Республика эстелигинин алдында азем уюштурулду. Эстеликке гүлчамбар коюлуп, таазим кылынды жана Боштондук гимни окулду.

Буга кошумча, Ататүрктүн 1919-жылы 19-майда Самсунга келишинин 100 жылдыгынан улам шаарда ар түрдүү иш-чаралар уюштурулду.

Иш-чаралардын алкагында өткөрүлгөн «Жаштар жана Байрак» жүрүшүндө 1919 метр узундуктагы Түрк байрагы ачылды.

Атакум районундагы Чобанлы портунан башталган жүрүшкө Түркиянын чар тарабынан Самсунга келген жаштар жана атуулдар катышты.

Жүрүш убагында ар түрдүү гимндер ойнолду.

19-Май майрамдоолорунун алкагында Ардак эстелигине гүлчамбар коюлушунан кийин таазим кылынып, Боштондук гимни ойнолду.

Аземден кийин Ататүрктүн Самсунга алгачкы кадамын таштаган жерди өкүлдүк кылган Түтүн портунда, Деңиз күчтөрү «Ататүрк» раллисинин алкагында Стамбулдан 16-майда жол тарткан парустар суу чачылып тосулду. Жээк коопсуздугу командирлигинин кемеси өткөндөн кийин порттон желек көтөргөндөр чыкты.

Измирде да «19-Май жолдо чуркоо» уюштурулду. Спортчулар 10 чакырымдык жол тилкесин чуркап өтүштү.

Мугланын Фетхие районунда болсо суучулдар, Улуттук күрөштүн 100-жылдыгын деңиздин түбүндө Түрк желектерин көрөтүп белгиледи..



Тектеш кабарлар