Эбру өнөрүн Грузияда таанытууда

Салттык түрк өнөрүнөн эбуруну 4 жыл мурда түрк өнөрпоздорунан үйрөнгөн грузин тарыхчы Дарико Чикхладзе өлкөсүндө бул өнөрдүн ыктыярдуу элчиси.

1200218
Эбру өнөрүн Грузияда таанытууда

Салттык түрк өнөрүнөн эбуруну 4 жыл мурда түрк өнөрпоздорунан үйрөнгөн грузин тарыхчы Дарико Чикхладзе өлкөсүндө бул өнөрдүн ыктыярдуу элчиси.

Түрк маданиятында маанилүү бир жерге ээ болгон эбруну Грузияда профессионалдык түрдө үйрөткөн бир гана киши болгон Чикхладзе эбру менен бирге каллиграфия жана миниатюра өнөрүнүн техникаларын да грузин муундарга өткөрүүдө.

Тбилиси  Юнус Эмре Институтунда 2014 – 2015 -  жылы түрк тилин үйрөнгөндүгүн жана бул процессте бир мугалимдин сунушу мнен бир чатыр астында берилген эбру курстарын баштагандыгын айткан Чикхладзе кыска убкытта өзүн эбру өнөрүнө бере баштагандыгын белгиледи.

Акрыкы жылдарда эбру өнөрүнүн Грузияда белгилүү боло баштагандыгын жана кыска убакытта чоң кызыгуу көргөндүгүн айткн Чикхладзе : «Эбру чет элдик өнөр тармагы болсо да өлкөбүздө чоң кызыгуу көрө баштады»,- деди.



Тектеш кабарлар