ТРТнын Даректүү тасма күндөрү аяктады

Стамбулдагы «Жемал Решит Рей» концерт залында ишке ашкан аземде ар башка номинациялардагы сыйлыктар ээлерине тапшырылды.

1192564
ТРТнын Даректүү тасма күндөрү аяктады

Түркия Радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) уюштурган «11-Эл аралык ТРТ Даректүү тасма күндөрү» аяктады.

Стамбулдагы «Жемал Решит Рей» концерт залында ишке ашкан аземде ар башка номинациялардагы сыйлыктар ээлерин тапты.

 «11-Эл аралык ТРТ Даректүү тасма күндөрүнүн» Улуттук профессионал номинациясында эң мыкты тасма сыйлыгын «Багар көрөрү жоктордун отели» аттуу кино тасмасы менен Рыдван Караман, Маданият жана туризм министрлигинин сыйлыгын «Тишчинин корккону» кинотасмасы менен Мурат Эрүн, үчүнчүлүк сыйлыгын болсо «Тиш оорусу» кино тасмасы менен Өзер Кесемен алды.

Эл аралык номинацияда эң мыкты тасма сыйлыгына Алессандро Кассиголи жана Кейси Кауфмандын «Көпөлөк» аттуу даректүү тасмасы, Маданият жана туризм министрлигинин сыйлыгына Жост Вандебругдун «Брюсли жана бандит» аттуу тасмасы, үчүнчүлүк сыйлыгына Крис Мартиндин «Акыркы көз ирмемде» жана Люк Лоренцендин «Түн жарымындагы үй-бүлө» даректүү тасмасы ылайык көрүлдү.

Улуттук студенттик тасмалар номинациясында болсо эң мыкты тасма сыйлыгы «Учкан адам» даректүү тасмасы үчүн Угур Эрсөз жана Нусрат Огузхан Йылдызга, Маданият жана туризм министрлигинин сыйлыгы «Күлгүн кимлик» аттуу тасмасы үчүн Толунай Текмекке жана Мармара университетинин сыйлыгы да «Билесиңби?» тасмасы үчүн Берриз Өзгө ыйгарылды.

Эл аралык, улуттук профессионалдык жана студенттик номинациялар менен катар быйыл али пикир баскычында болгон чыгарылышы бүткөрүлө элек долбоорлордон үчөөнө «Проект колдоо жарышы» аттуу сыйлык берилди.

Бул сыйлыктардын ээлери; «Аты Адиле» чыгармасы менен Асуман Эргүнсой, «Ницшенин жүз аарчысы» тасмасы менен Фейзи Баран жана «Узак» тасмасы менен Муса Ак болушту.

ТРТ тарабынан 2009-жылы башталган «Эл аралык ТРТ даректүү тасма күндөрүнө» быйыл 101 өлкөдөн 1397си эл аралык номинацияда болуп бардыгы 1605 тасманын кайрылуусу болду.

Фестиваль убагында 6 башка кино залда 80 даректүү тасма көрүүчүлөрдүн назарына сунушталды.



Тектеш кабарлар