Түндүктүн сүрөтчүлөрү Түркияда

Борбор шаар Анкарада Эл аралык Билкент санат фестивалына катышкан украиналык жана орус сүрөтчүлөр сүрөт сүйүүчүлөр менен жолугушту.

1192023
Түндүктүн сүрөтчүлөрү Түркияда
resim sanat.jpg
resim sanat.jpg

Борбор шаар Анкарада Эл аралык Билкент санат фестивалына катышкан украиналык жана орус сүрөтчүлөр сүрөт сүйүүчүлөр менен жолугушту.

Бул жылы үчүнчүсү өткөрүлгөн жана 5 -  майга чейин улантыла турган фестивалда Испания, Иран, Кувейт, Армения жана башка өлкө тышынан келген сүрөтчүлөр эмгектери менен суктандырышты. Орус жана украиналык сүрөтчүлөргө да абдан чоң кызыгуу көрсөтүлдү.

Крымда туулган орус сүрөтчү Сергей Шербаков берген маалыматында Түркияда өнөргө ушунчалык чоң кызыгуунун көрсөтүлүшүнөн кубанычтуу экендигин белгиледи.

Украиналык 69 жштагы сүрөтчү Виктор Шевченко да Түркияда мыкты достук кургандыгын, сүрөттөрү үчүн да түрк галереялар менен иштегендигин айтты.

Орусияда туулуп жана Украинада жашаган сүрөтчү Александр Углов да Түркияга үчүнчү жолу келгендигин жана бул жерде сүрөттөрүн көргөзмөгө чыгаруудан кубанычтуу экендигин айтты.

Углов : «Бул фестивалга суктандым. Өнөр сүйүүчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн жолугушуусу абдан кубанычтуу. Сүрөткө кызыккандардын сүрөттөрүмдү билгендиктен кубанычтуумун. Фестивалда эмгек кылгандардын баарына ыракмат айтам»,- деди.



Тектеш кабарлар