Түркияда Аракан мусулмандарына медиа билими бериле баштады

Медиа жана жарандык коом жаатында тажрыйбалуу кишилер чакырылган программага 12 башка өлкөдөн 20 аракандык катышты.

1189946
Түркияда Аракан мусулмандарына медиа билими бериле баштады

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) жана Түркия радио-телеберүү мекемесинин (TRT) кызматташтыгы менен уюштурулган жана 15 күн улана турган «Аракандык медиа билимин берүү программасынын» ачылышы Анкарада болду.

Медиа жана жарандык коом жаатында тажрыйбалуу кишилер чакырылган программага 12 башка өлкөдөн 20 аракандык катышты.

Медиа жаатында тажрыйбалуу адистер тарабынан ишке ашырылган билим берүү программасы Анкара жана Стамбулда 15 күнгө созулат.

Катышуучулардын программанын алкагында тийиштүү мамлекеттик мекемелерге да баруу мүмүнчүлүгү болот.

Программада сүйлөгөн сөзүндө акыркы жылдарда Мьянмада болгон окуялардан улам мусулмандардын абалына көңүл бурган Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысы Абдуллах Эрен: «Мьянманын 50 миллион калкы бар. Мунун 1 миллион чактысы Аракан мусулмандары жана тилекке каршы Мьянмада атуулдук укуктары менен катар эң негизги адам укуктарынан да кем калтырылган. Бул маселенин эл аралык мекемелер жана медиа багытында бийик үн менен айтылышы жана чагылдырылышы зарыл. Биз мекеме катары эмне кыла алабыз деп ойлогонубузда; Аракан диаспорасы бар. Бир бөлүмү Европа өлкөлөрүндө болуп Бангладеш, Пакистан, Сауд Арабия жана Суданда Мьянманын тышында жашаган көп сандаган аракандык мусулмандардан турат. Биз бул жердеги медиа мүчөлөрүнөн шарттуу медиа жана санариптик медиада иш алып барган бейөкмөт уюмдарда иш алып барган аракандык мусулмандардан; бардыгы 12 башка өлкөдөн 20 медиа мүчөсүн медиа билимин алуулары үчүн бул жерге чакырдык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар