Албанияда түрк кино жумалыгы

Албаниянын борбор шаары Тиранда «Түрк кино жумалыгы» «Көгүчкөн уурулары» аттуу кинонун көрсөтүлүшү менен башталды.

1171598
Албанияда түрк кино жумалыгы

Албаниянын борбор шаары Тиранда «Түрк кино жумалыгы» «Көгүчкөн уурулары» аттуу кинонун көрсөтүлүшү менен башталды.

Юнус Эмре институту тарабынан маданият жана туризм министрлигинин кино башкы директорлугунун колдоосу менен өткөрүлгөн «Түрк кино жумалыгынын» ачылышына Түркиянын Тиран элчиси Мурат Ахмет Йөрүк, Юнус Эмре Институтунун Тиран директору Өмер Осман Демирташ , өнөрпоз жана өнөр сүйүүчүлөр катышты.

Демирбаш бул жерде сүйлөгөн сөзүндө түрк киносунун мыкты кинолорун алып келишкендерин, кино жумалыгына белгилүү актерлордун чакырылгандыгын айтты.

Долбоордун негизинде «Анкара жайы коштошуу каты», «Сүйүшкөндөрдүн өлүмү», «Сары ысык», «Кычкыл алма», «Көгүчкөн уурулары» жана «Бир күн бир бала» аттуу кинолор көрсөтүлөт.

«Сүйүшкөндөрдүн өлүмү» киносунун башкы актрисасы Йешилчамдын чебер актрисасы Перихан Саваш менен «Пайитахт Абдүлхамид» сериалында ойногон, «Анкара жайы коштошуу каты» киносунун башкы каарман актеру Гүркан Уйгун да иш чаранын негизинде Тиранда кино сүйүүчүлөр менен жолугушат.

Түркиянын Тиран элчилиги менен түрк жана Албания мекемелери да колдогон «Түрк кинолору жумалыгы» 30 -  мартта аяктайт.



Тектеш кабарлар