Жаш талант Бексултан Алимбековдун алгачкы клиби чыкты
Жаш талант, эстрада ырчысы Бексултан Алимбеков Түркиянын Анталья шаарында ырына клип тартып анын ачылышын жасады.
1157584
3-Март күнү кечинде Анкаранын борборундагы «Ала-Тоо» кафесинде дагы бир иш-чара өттү.
Жаш талант, эстрада ырчысы Бексултан Алимбеков Түркиянын Анталья шаарында ырына клип тартып анын ачылышын «Ырдайм жаштыкта» аттуу чыгарылышы менен жасады.
Бексултандын клибин көрүү үчүн Анкарада окуган студенттер менен иштеп жүргөн Кыргызстанды сагынган мекендештер кафеге чубап келишти. Кафе жык-жыйма толду. Бексултан менен бирге келген жаш таланттар өздөрүнүн ырларын тартуулашып мекендештердин жарпын жазды.
Эске сала кетсек, Антальяда бир жыл мурда «Кыргыз эли» коому түптөлүп мигранттардын ар түрдүү көйгөйлөрү менен алектенип келишет. Коомду Рыскүл Кадырова жетектеп, Бексултан Алимбеков маданият иштери боюнча жетекчи орун басары болуп шайланган.