Фазыл Сай Бременде концерт берди

Концертти президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана анын жубайы Эльке Бюденбендер да көрдү.

1148136
Фазыл Сай Бременде концерт берди

Дүйнөгө таанымал пианист жана композитор Фазыл Сай, Германиянын Бремен шаарында концерт берди.

Фазыл Сай «Die Glocke» аттуу Бремен концерт залында кечээ кечинде өткөрүлгөн жардам максаттуу салттык Федералдуу Президенттиктин концертинде сахнага чыкты.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана анын жубайы Эльке Бюденбендер да көргөн концертте Фазыл Сай, дирижер Стивен Слоундун жетекчилигинде Бремен филармониялык оркестринин коштоосунда Вольфганг Амадей Моцарт, Леонард Бернштейн жана Жордж Гершвиндин чыгармаларын аткарып берди.

Президент Штайнмайер концерттен кийин Фазыл Сай менен сүйлөштү.

Федералдуу Президенттиктин концерти 1988-жылдан бери жыл сайын ар кайсы шаарда өткөрүлүп турат.



Тектеш кабарлар