Акденизде Айтматов дүйнөсү

Анталиядагы кыргыздар "Акденизде Айтматов дүйнөсү" аттуу иш-чара уюштурду.

1106523
Акденизде Айтматов дүйнөсү
AKDENIZDE AYTMATOV DUNYASI_30.jpg
AKDENIZDE AYTMATOV DUNYASI_31.jpg
AKDENIZDE AYTMATOV DUNYASI_9.jpg
AKDENIZDE AYTMATOV DUNYASI_28.jpg

Кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматов туулганынын 90 жылдыгында дүйнө жүзүндө болгону сыяктуу Түркияда дагы ар түрдүү иш-чаралар менен эскерилүүдө. Алардан бири 12-декабрда Анталья шаарындагы Акдениз университетинде өттү. Иш чараны Антальядагы «Кыргыз эли» коому демилгелеп, Акдениз университети, Түрк Ожаклары, Түрк дүйнөсү платформасы жана Муратпаша муниципалитети биргелешип өткөрүштү.  Иш-чара Акдениз университетинин адабият факультетинде жана укук факультетинде эки бөлүм түрүндө өттү. Биринчи бөлүмү Адабият факультетинде болуп Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылык жолу кеңири түшүндүрүлүп, синевизия жана ыр окуу, чакан концерт менен коштолду.

Ал эми экинчи бөлүмү Укук факультетинде болуп Акдениз университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн музыкалык тобунун элдик аспаптар менен аткарган музыка жана элдик ырлары менен башталды. Андан соң Антальядагы кыргыз жарандары «Кыргыз эли» коомунун демилгеси менен уюштурган Айтматовго арналган концерттик бөлүмү менен уланды.  Концерт Орто Азиядан Анадолуга ыргактар түрүндө жаңырып келгендердин купулуна толду.

Иш-чарага Түрк Ожаклары коомунун Антальядагы кеңсесинин башчысы Абдуллах Уйсал, «Кыргыз эли» коомунун жетекчиси Айдай Орунтаева, Акдениз университетинин окутуучулары, университеттеги студенттер жана Антальяда жашаган кыргыз жарандары катышты. Иш-чараны "Кыргыз эли" коомунун маданий иштери боюнча жетекчиси Рыскүл Кадырова уюштуруп, Бексултан Алимбеков режиссорлугун кылды. 

Түрк Ожакларынын Анталья кеңсесинин башчысы Абдуллах Уйсал, өз сөзүндө Түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чынгыз Айтматов чыгармалары дүйнөдө Шекспир жана Толстойдон кийин эң көп окулган үчүнчү жузуучу болгонун эске салып, «Демек Айтматов Түрк дүйнөсүнүн гана эмес дүйнө жүзүнүн жазуучусу, аны менен бардыгыбыз сыймыктанабыз»,-деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыздын жаш таланттары Айтматовдун чыгармаларынан алынган монологдорду аткарып көрүүчүлөргө Айтматовдун чыгармаларында эмнени айткысы келгенин, адам баласына кандай белги берип жатканын түшүндүрдү. Ошондой эле акын мекендештер дагы Айтматовго арналган автордук ырларын окуп беришти. Эстрада ырчысы Бексултан Алимбеков Айтматовдун калеминен жаралган «Ысык-Көлдү сагынуу» аттуу ырын аткарды. Жаш таланттар кыргыздын улуттук ырларын жана эстрада ырларын ырдап мекенге болгон сагынычты жазып, түрк калкын өз өнөрлөрү менен суктандырып жатышты.



Тектеш кабарлар