Текнофесттин алдында Түрк жылдыздары асманды көрккө бөлөдү

Текнофестте орун ала турган Түрк жылдыздары акробатика тобу Босфордо жапыз учту.

1052941
Текнофесттин алдында Түрк жылдыздары асманды көрккө бөлөдү

Түрк жылдыздары Текнофест Стамбулдун алкагында Босфор кысыгында шоу көрсөттү.

20-23-сентябрь күндөрүнүн аралыгында Стамбулда боло турган Текнофесттин алдында Стамбул кысыгында көздүн жоосун алган шоу көрсөтүлдү.

Текнофестте орун ала турган Түрк жылдыздары акробатика тобу Босфордо жапыз учту.

Стамбул кысыгына Карадеңиз тараптан кирген учактар Босфор кысыгын бойлой учкан соң кайра Карадеңиз багытынан жогору чыкты. Жүрөктү опколжуткан бул атайын учууларды кызыгып көргөндөр көп болду.

Босфорду бойлой жээктерге чубаган атуулдар, шоу көрсөтүүнү чөнтөк телефон жана камералары менен тартып жатышты.



Тектеш кабарлар