Троя музейинин ачылышы

Музей «2018  Троя жылы» иш чараларынын негизинде ачылары пландалууда.

996722
Троя музейинин ачылышы

Чанаккаледе 5 миң жылдык тарыхы бар Троя байыркы шаарында курулушу бул жылы бүткөрүлгөн музейдин «2018  Троя жылы» иш чараларынын негизинде ачылары пландалууда.

Борборго караштуу Тевфикийе айылынын чектеринин ичинде орун алган, жыл сайын 500 миңден ашуун киши зыярат кылган байыркы шаардагы Троя музейинин ачылышынын «2018  Троя жылы» иш чараларынын  негизинде өткөрүлүшү пландалууда.

Маданият жана труизм министрлиги тарабынан конкурс менен белгиленген проектинин негизинде курулушу 2014 -  жылы башталган Троя музейинин курулушу бүткөрүлдү.

Чыгымы 75 миллион лирага жеткен курулуш 3 миң метр квадраттык көргөзмө залдары менен бирге 10 миң метр квадраттык жабык аянттан турат.

Троя уранды жери жана Чанаккаледеги башка археологиялык аянттарда ишке ашырылган казууларда табылган чыгармалар да заманбап мужиза түшүнүгү менен көргөзмөгө коюлат.

ЮНЕСКО тарабынан 1998 – жылы «Дүйнөлүк маданий мурам тизмесине» киргизилген, 5 миң жылдык тарыхка ээ троя байыркы шаарынын мааниси, музейдин ачылышы менен дагы да мааниге ээ болууда.

Гомердин дастаны Иллиададагы «Троя согушу болгон жер» деп да билинген байыркы шаардагы музейдин ачылышы менен Троянын жылдык зыяратчы санынын бир миллиондон ашышы, 44 өлкөгө качырылган казыналардын да Түркияга тапшырылышына мүмкүнчүлүк түзүлүшү максат кылынууда.

 



Тектеш кабарлар