Стамбулдун каратылышы Халичте уюштурулган программа менен белгиленет

Стамбулдун каратылышынын 565 жылдыгы Халичте уюштурулган программа менен белгиленет.

981554
Стамбулдун каратылышы Халичте уюштурулган программа менен белгиленет

Стамбулдун каратылышынын 565 жылдыгы Халичте уюштурулган программа менен белгиленет.

Халич Конгресс борборунун жээгиндеги аянтта боло турган программада Маданият министрлигинин тарыхый түрк музыкасынын мистикалык тобу концерт берет.

Концерттен кийин Стамбул протоколу менен президент Режеп Таййип Эрдоган жана мамлекеттик протоколдун катышуусунда ооз ачуу программасы ишке ашырылат. Ооз ачуудан кийин болсо багындыруунун 565 жылдыгынан улам атайын «багындырууга арналган» шоу көрсөтүүсү башталат.

Айрыкча Түрк куралдуу күчтөрүнүн аскердик «Мехтеран» тобу сахнага чыгат жана куттуктоолор үчүн даярдалган атайын видео mapping, нур, суу жана лазер чогуу колдонулган көркөмдүү «Фетих» шоу көрсөтүүсү ишке ашат.

«Атайын Фетих шоу көрсөтүүсү» үчүн жээктен орто эсеп менен 50 метр алыстыкта деңиздин бетине атайын платформа курулду. 78х18 метр өлчөмүндөгү сахнада ишке аша турган 3D mapping  шоу көрсөтүүсү үчүн 20 мүнөттүк фильм даярдалды. Программада суу, нур, лазер жана суу көшөгөсү шоу көрсөтүүсү, 30х90 метр көлөмүндөгү сүзүп жүрүүчү шоу көрсөтүүчү платформада болот.

Дүйнөлүк тарыхты өзгөрткөн, бир доорду жаап башка бир доорду ачкан гений Фатих Султан Мехмет Хан менен баатыр, жигит жана куттуу аскерлеринин ишке ашырган Стамбулдун багындырылышы кайрадан жанданат.



Тектеш кабарлар