Түрк аба жолдоруна сыйлык

Эң мыкты чет өлкөлүк авиакомпания болуп тандалды.

952710
Түрк аба жолдоруна сыйлык

Түрк аба жолдору Тунисте «эң мыкты чет өлкөлүк авиакомпания» болуп тандалды.

Тунис басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, бир саякат агенттиги тарабынан 12-жолу уюштурулган «Алтын саякат туризм сыйлыктары» азем менен ээлерине тапшырылды.

«Эң мыкты отель, эң мыкты саякат сайты, эң мыкты ресторан» сыяктуу 12 башка тарамакта берилген сыйлыктарда Түрк аба жолдору «жылдын эң мыкты чет өлкөлүк авиакомпаниясы» сыйлыгына ээ болду.

Аземде Түрк аба жолдорунун атынан сыйлыкты авиакомпаниянын Тунистеги башкы директору Окан Улуожак алды.



Тектеш кабарлар