Түркия дүйнөгө белек кылган казына : жоогазын

Түркиянын символу болгон жоогазын 15 -  кылымдын экинчи жарымында Европага алып барылды.

946060
Түркия дүйнөгө белек кылган казына : жоогазын

Түрктөр тарабынан негизги мекени Орто Азиянын Памир тоолорунан Анадолуга алып келинген жана бул жерден дүйнөгө жайылган жоогазын шаарлардын символу жана жаздын сүйүнчүсү катары билинип, ал үчүн фестивалдар өткөрүлгөн аз кездешкен гүлдөрдөн.

Анадолуда 12  - кылымдан баштап кол өнөрлөрүндө кооздук мотиви катары колдонула баштаган жоогазын, бул мезгилден кийин ырларда, сүрөттөрдө, аңгемелерде, романдарда,  миниатюрада негизги тема катары иштелип, мечиттердин кооздолушунда, килем, кафтан, жоолук жана сеп сандыктарынын, акчалардын үстүнө басылган.

Осмон империясында  3 -  Ахмеддин мезгилинде  бир доорго атын берген Стамбулдун жана Түркиянын символу болгон жоогазын 15 -  кылымдын экинчи жарымында Европага алып барылды. 1500 – жылдардын экинчи жарымында Австрия  - Венгрия императорлугунун Стамбул элчиси, өсүмдүк илимпозу Ожье Гизлен де Бусбектин жиберген жоогазын түптөрү оболу Австриянын Вена шаарына ал жерден Голландияга барды.

Голландияда да кыска убакытта белгилүү болгон бул гүлдүн Канаданын борбор шаары Оттавага барышы менен  бүткүл дүйнөгө таанылды. Бул узун убакытка созулган жүргүнчүлүктүн акыркы аялдамасы болгон Канада Голландияда жана Японияда Анадолунун бул белгилүү гүлү үчүн жыл сайын фестивалдар өткөрүлүүдө.



Тектеш кабарлар