Түркия орусиялык туристтер үчүн эң популярдуу өлкө

Орусиялык туристтер биринчи Түркияны тандашат.

939376
Түркия орусиялык туристтер үчүн эң популярдуу өлкө

 

Түркия, 2017-жылы жалпы 4,52 миллиондук саякат менен орусиялык туристтер үчүн эң популярдуу өлкө болду.

Туристтик анализ фирмасы TurStat тарабынан жарыяланган билдирүүдө, 2017-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 26 пайыздык өсүү менен жалпы 39,6 миллион орус жаранынын чет өлкөлөргө туристтик саякат жасагандары белгиленди.

Түркияга 2017-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 5,7 пайыздык өсүү менен 4,52 миллион орусиялык туристтин келгендиги маалымдалган билдирүүдө, орустардын Түркиядан кийин эң көп Финляндия, Казакстан, Украина, Кытай жана Эстонияга саякат кылгандары белгиленди.

Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш билдирүсүндө, Түркияга быйыл 6 миллион орусиялык туристтин келиши күтүлгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар