Грузияда Юнус Эмре Институнунун жайкы мектеби таанытылды

2012 -  жылдан бери 2 миңге жакын Грузия жараны түркчө үйрөндү.

922001
Грузияда Юнус Эмре Институнунун жайкы мектеби таанытылды

Грузиянын борбор шаары Тбилисидеги Юнус Эмре Институтунда 2018 түркчө жайкы мектепти таанытуу иш чарасы өткөрүлдү. Иш чарага Түркиянын Тбилиси элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси, профессор Неби Гүмүш, Тбилиси Юнус Эмре Институтунун директору доцент Селчук Күршат Кожа, Түркия Маариф фондунун Грузиядагы директору Селчук Баш, Тбилиси Маариф фонду мектептеринин директору Танер Жанполат, грузин түркологдор, курстун катышуучулары жана башка коноктор катышты.

Тбилиси Юнус Эмре Институтунун директору Кожа ачылууда сүйлөгөн сөзүндө конокторго 2018 түркчө жайкы мектеби тууралуу маалымат берди.

Юнус Эмре Институтунун Грузияда ачылган мектепте 2012 -  жылдан бери 2 миңге жакын Грузия жаранынын түркчө үйрөнгөндүгүн айткан Кожа : «Эки дос өлкө Түркия менен Грузиянын достугунун туруктуу болушу үчүн биз колубуздан келгенди аткарабыз»,- деди. Кожа институтта бир гана түкчөнүн эле үйрөтүлбөгөндүгүн, ошол эле учурда Түркиянын маданий байлыктарын да таанытышкандарын белгиледи. Иш чаранын акырында Тбилиси Юнус Эмре Институтунун курстарына катышуучулар тарабынан концерт коюлду.

 

 



Тектеш кабарлар