ТРТ Курди каналы HD форматында эфирге чыга баштады

Бул канал 2009-жылы ачылган.

890426
ТРТ Курди каналы HD форматында эфирге чыга баштады

Түркиянын алгачкы куртчө каналы ТРТ Курди HD форматында эфирге чыга баштады.

2009-жылы ачылган бул канал, сапаттуу программа жана берүүлөрү менен дүйнө жүзүндө күртчө эфирге чыккан 100дөн ашуун каналдын арасында эң көп көрүлгөн канал болуп саналат.

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) маалыматтуулугу менен 24 саат эфирге чыккан үй-бүлөлүк каналы болгон ТРТ Курди, сериал, даректүү тасма, музыка, көңүл ачуу, дин, маданият жана балдардарга арналган программалары менен алдыга чыгууда.

2009-жылдын 1-январында ТРТ-6 деген аталышта ачылган канал, ТРТ каналдарынын көрсөткүчтөр менен эмес, мазмууна шайкеш келген ысымдар менен таанымал болушу үчүн 2015-жылы ТРТ Курди деген ысымды алган болчу.



Тектеш кабарлар