Кабарчылык обьективдүү боло албайт, тарапсыз эмес тең салмактуу кабарчылыкты жактайбыз

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Ибрахим Эрен,70 өлкөдөн 162 медиа кызматкери катышкан UMEPтин гала тамагында сүйлөгөн сөзүндө, UMEP Түркиянын берүү тажрыйбасын дүйнө жүзү менен бөлүшүүнү максаттаганын айтты.

867343
Кабарчылык обьективдүү боло албайт, тарапсыз эмес тең салмактуу кабарчылыкты жактайбыз

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Ибрахим Эрен, кабарчылыктын обьективдүү боло албай турганын ойлогондорун, тарапсыз эмес тең салмактуу кабарчылыкты жактагандарын билдирди.

ТРТнын Түркиянын берүү тажрыйбасын дүйнө жүзү менен бөлүшүү максатында Антальяда уюштурган  «5-Эл аралык Медиа боюнча билим берүү программасынын» (UMEP) алкагында гала тамагын уюштурду.

ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен, 70 өлкөдөн 162 медиа кызматкери катышкан гала тамакта сүйлөгөн сөзүндө, UMEP Түркиянын берүү тажрыйбасын дүйнө жүзү менен бөлүшүүнү максаттаганын айтты.

Эрен, UMEPтин алкагында телекөрсөтүү жана радио берүүлөрү, кабар программалары жана жаңы медиа тармагында отурумдар өткөрүлгөнүн белгиледи.

Телекөрсөтүү секторунда түрк сериалдарынын акыркы 15 жылда укмуш секирик жасаганына көңүл бурган Эрен, 100дөн ашуун түрк сериалынын экспорттолгонун баса белгиледи. 

ТРТда көрсөтүлгөн «Дирилиш Эртугрул» сериалынын Түркиянын берүү тармагындагы эң чоң рейтинг көрсөткүчтөрүнөн бирине жетишкенин белгилеген Эрен: «Дирилиш да 100дөн ашуун өлкөгө экспорттолууда. Дүйнөдө чет өлкөдөн мазмун талап кылган өлкөлөрдүн алган мазмундарынын 30 пайызы түрк сериалдарынан турат. Бул абдан маанилүү сан. Эмне үчүн? Түрк сериалдары эмнеге ушунчалык жактырылат? Түркия эң оболу көп маданияттуу болууну жактаган, муну менен бирге  жашоону камсыздай алган жана муну менен сыймыктанган өлкө. Социалдык түзүлүш катары үй-бүлөгө маани берген, үй-бүлөнү борборго алган маданиятыбыз бар. Бул да сериалдарыбызга чагылышууда»,-деп айтты.

Түрк сериалдарынын орто эсеп менен 110 мүнөттүк болгонун эске салган башкы директор Эрен: «Түркияда жыл сайын 80-90 сериал өндүрүлүп чыгат. Бир сериал 36 апта бою экрандарда көрсөтүлөт. Бул болсо эбегейсиз индустрияны жаратат. Бул индустриянын чет өлкөгө экспортун камсыздаган да атаандаштык. Түрк телеберүү секторунда атаандаштык көп»,-деп айтты.

Дүйнөдө кабарчылыктын башка бир нукка кеткенин да маалымдаган Ибрахим Эрен: «Дүйнөдө эл аралык кабарчылык дегенде бир же эки канал эсибизге түшчү. Эми ар башка каналдар да бул милдетти аткарууда. ТРТ катары биздин кабарчылык түшүнүгүбүздө башкача көз карашты алып келүүнү ойлоодобуз. Кабарчылыктын обьективдүү боло албай турганын ойлоодобуз, тарапсыз эмес тең салмактуу кабарчылыкты жактайбыз. Кылмышкер менен жабырлануучуга бирдей алыстыкта тура албайбыз. Кайра кайталаймын биз тарапсыз эмес, тең салмактуу кабарчылыкты жактайбыз. Адам катары сезимдерди кошпостон кабар жазуу мүмкүн эмес. Биз берген статистикалар адам. Кабарчылык тилинде бул аймакка ылайыктуу, адамды борборго алган, жазган аңгемелерде адамды түшүндүргөн тил түзүүнү максаттап жатабыз. Сиздин да адамды борборго алган тең-салмактуу, глобалдык абийирдин үнү болуучу кабарчылык кылууңузду, телеберүүдө коомчулуктун социалдык муктаждыктарын эске алган мазмундарды жаратууңузду каалайбыз»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар