ТРТнын Эл аралык Балдар медиа конференциясы өтөт

Түркия адио-телеберүү мекемеси-ТРТнын Эл аралык Балдар медиа конференциясынын алтынчысы Стамбулда уюштурулат.

835760
ТРТнын Эл аралык Балдар медиа конференциясы өтөт

Түркия адио-телеберүү мекемеси-ТРТнын Эл аралык Балдар медиа конференциясынын алтынчысы «Балдар медиасында өкүлдүк, плюрализм жана интеграция; маселелер жана мүмкүнчүлүктөр» темасы менен Стамбулда өтөт.

ТРТнын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда 1-2-ноябрь күндөрүндө боло турган конференция, өз тармагында адистешкен профессионалдарды тосуп алат.

Отурумдарда жергиликтүү жана чет элдик академиктер, мазмун камсыздоочулар жана сектордун өкүлдөрү да ар башка темаларда баяндама жасап, атайын изилдөөлөрүн бөлүшөт.

Программанын биринчи күнүндө «Бозгун балдардын интеграциясы жана медиадан пайдалануусу» менен «Майып балдар үчүн медиа; аралашуу, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана мүмкүндүк» сыяктуу темаларга орун берилет.

Экинчи күнү болсо «Медиа мазмундарында баш калкалоочу жана бозгун балдар» жана «Медиада этникалык өкүлдүк» темалуу баяндамалар жасалат. Конференция атайын семинарлар менен коштолот.

Иш-чарада «Түркияда сириялык бала болуу» аттуу кыска метраждуу кино тасма сынагынын жыйынтыктары жарыяланат.

Үйрөнчүк жана профессионалдык кыска метраждуу кино тасмачыларды колдоо, жогорку сапаттуу кыска метраждуу тасмалардын көрүүчүгө жеткирилишин камсыздоо жана Түркияда сириялык балдардын турмуштарын дагы жакындан карап коомдук пикирде маалымдуулукту түзүү максаты менен өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү, сыйлыктарын конференцияга атайын чакырылган режиссер Межид Межиддин колунан алат.



Тектеш кабарлар