Москвада Улуу селжуктук көргөзмөсү

Көргөзмөдө Улуу селжуктук мамлекети цивилизациясынан мурас калган буюмдар жана курулуштарга таандык фотографиялар орун алды.

835050
Москвада Улуу селжуктук көргөзмөсү

Орусия гуманитардык университетинде ачылган «Улуу селжуктук мурасы» фотография көргөзмөсүндө Улуу селжуктук мамлекети цивилизациясынан мурас калган буюмдар жана курулуштарга таандык фотографиялар орун алды.

Түркиянын Москва элчиси Хүсейин Дириөз ачылышта сүйлөгөн сөзүндө 11 -  кылым ислам дүйнөсүнүн эң чоң цивилизацияларынын бирөөсү болгон селжуктуктардын таасиринин Орто Азия, Жакынкы Чыгыш жана Ортоңку Анадолуну камтыган кенен бир аймакта сезилгендигин айтты.

Селжуктуктардын абдан бай маданий мурасынын келерки урпактарга өткөрүлүшү керектигин белгилеген Дириөз : «Ошондуктан бул баалуу көргөзмөнүн Москвада ачылышына салым кошкон баарына жеке өзүмүн атыман рахмат айтамын»,- деди.

Көргөзмөдө Анадолудагы эң негизги цивилизациялардан бирөөсү катары кабыл алынган Улуу селжуктук мамлекети мезгилинен калган архитектуралык чыгармалардын фотографиялары менен кээ бир буюмдар көргөзмөдө орун алды. Көргөзмө президенттиктин жетекчилигинде, Түркиянын Москва элчилиги менен Конья Селжук муниципалитетинин кошкон салымы менен уюштурулду.



Тектеш кабарлар