Вивиан Нури Түркияга ыраазычылыгын билдирди

Голливудда таанымал болгон Вивиан Нури баш калкалоочулардын лагеринде төрөлгөн болчу

833930
Вивиан Нури Түркияга ыраазычылыгын билдирди

Перс Булуңу согушу убагында Сириядагы баш калкалоочулардын лагеринде төрөлгөн, учурда болсо Голливуд кинолорунун ырларын аткарган ирактык 24 жаштагы Вивиан Нури: «Миллиондогон баш калкалоочуну кабыл алганы үчүн Түркияга ыраазымын»,- деди.

Булуң согушунан (1990-1991) кийин Ирактын түндүгүндөгү үйлөрү урап калган соң Вивиан Нури үй-бүлөсүнүн Сирияда баш калкалаган лагерде 1993-жылы туулган.

Үй-бүлөсү 1995-жылы Жаңы Зеландия тарабынан баш калкалоочу катары кабыл алынган Нури, бул жерде жаш кезинен тарта музыкага кызыга баштайт.

Голливудда таанымал болгон Вивиан Нури, Рианнанын тобу менен иштешти жана айрым кинотасмалардын музыкаларын аткарды.



Тектеш кабарлар