Европадагы коомдук аянттарда интернет бекер болот

ЕБ Кеңеши, мүчө өлкөлөрдө мэрия, оорукана, сейил бак сыяктуу коомдук аянттарда акысыз кабелсиз интернет менен камсыздаган пункттардын курулуусу боюнча долбоорду бекиткенин жарыялады.

823472
Европадагы коомдук аянттарда интернет бекер болот

Европа Биримдиги Кеңеши мүчө өлкөлөрдө коомго ачык аянттарда акысыз интернет колдонуучу пункттар курулуусун көздөгөн долбоорду кабыл алды.

ЕБ Кеңеши, мүчө өлкөлөрдө мэрия, оорукана, сейил бак сыяктуу коомдук аянттарда акысыз кабелсиз интернет менен камсыздаган пункттардын курулуусу боюнча долбоорду бекиткенин жарыялады.

Буга караганда ЕБ үчүн Wi-Fi (WİFİ4EU) аттуу долбоорго 2019-жылга чейин 120 миллион евро бөлүнөт. Бул каражат эң оболу интернет байланышынын чектелүү же кыйынчылыкка түшкөн аймактардагы коомдук аянттарда элге акысыз кабелсиз интернет камсыздай турган 6 миң пункт курулуусун көздөйт.

Кабелсиз интернет жайларынын курулуусунун жана керектүү аппараттардын алынышынын чыгымын АКШ милдеттенет. Бул колдоодон пайдаланган жергиликтүү фирмалар болсо интернет байланышын 3 жыл бою улантууга милдеттүү болот. Аты аталган долбоордун 2017-жылдын акырына чейин башталышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар