«Дирилиш Эртугрул» сериалы жетпеген өлкө барбы?

ТРТ-1 каналынын жактырылган сериалы «Дирилиш Эртугрул» көп өлкөдө жактырылып көрүлүүдө.

818830
«Дирилиш Эртугрул» сериалы жетпеген өлкө барбы?

Дүйнө жүзү түрк сериалдарын көрүп жатат.

Эң көп кызыгууну тарткандардан бири ТРТ-1 каналынын жактырылган сериалы «Дирилиш Эртугрул» болду.

Пакистан бул сериалдын эң көп көрүлгөн өлкөлөрдөн бири. Сериалдын бардык бөлүмдөрү урду тилинде үн коштолуп Пакистан каналдарында жана интернетте жарыяланат. Индия сериалдары абдан көп көрүлгөн Пакистанда эми түрк сериалдары алардын ордун ээледи.

Дирилиш Эртугрулду абдан жактырып көргөн пакистандыктар, түрк тарыхынан үлгүлөр берилген сериалда Ислам тарыхына да күбө болгондорун айтышууда.

Пакистанда Дирилиш Эртугрулду чөнтөк телефондору же планшеттен көргүсү келгендер да сериалдарды жүктөтүш үчүн чөнтөк телефонун саткан дүкөндөргө чубашты.

Ооганстанда да «Дирилиш Эртугрул» сериалы жаштардын жүрөгүнөн  түнөк тапты. Өлкөдө бир гана үйлөрдө эмес, соодагерлер да дүкөндөрүндө ушул сериалды көрүп жатышат.

Түндүк Африка өлкөлөрүнөн Тунисте да бул сериалга кызыгуу көп. Тунистиктер бул сериалды спутниктер аркылуу араб каналдарынан же интернет аркылуу көрүшөт. Сериалдын берген маалыматы абдан маанилүү экенин белгилеген тунистиктер, сериалда диний, ахлактык, социалдык жана билим берүүчү темалар каралганын баса белгилешти.

«Дирилиш Эртугрул» араб дүйнөсүндө феномен. Сериалдын араб тилине которулган бөлүмдөрү интернетте ушул убакка дейре 200 миллион жолу көрүлдү.

Араб өлкөлөрүнөн Иорданияда Дирилиш Эртугрулдун орду башкача... Сериалды көргөн жаштар түрк маданиятын жана тарыхын абдан жакшы үйрөнгөндөрүн түшүндүрүшүүдө.

Боордош өлкө Азербайжанда да «Дирилиш Эртугрул» сериалы абдан популярдуу. Кудум эле Түркияда болгону сыяктуу Азербайжанда да «Дирилиш Эртугрул» фанатиктери бар. Сериал баштала турган убакта коңшулар үйлөргө чакырылып, бардыгы бирге «Дрилиш Эртугрул» көрүшөт.



Тектеш кабарлар