Туризмде жаңы кадам

Түркияда туризм

814285
Туризмде жаңы кадам

Маданият жана туризм министрлиги жаңы кадамдар менен туризмди таанытууга даярданууда.

Министрлик Түркиянын эң маанилүү туристтик жерлерин дүйнөгө таанымал жазуучулардын калеми менен романдарга алып барат.

Туризмде биринчи кадам Кападокия болот.

Түркиянын туризмдеги көздөгөнү Кападокияга курула турган «Жазуучулар үйү» долбоору менен бирге Дэн Браун, Адам Фавер жана белгилүү япон жазуучу Харуки Мураками менен катар көптөгөн атактуу ысымдар Кападокиядагы «Жазуучулар үчүндө» конок болушат.

Атактуу жазуучулар романдарында Түркиянын туризм жана маданий баалуулуктарын окурмандарга жеткирип, аларды Түркиянын туризмдеги 2023-жылга карата максатынын алкагында таанытышат.

Министрлик айрыкча аймакка чоң кино платосун куруу үчүн да ишке киришти.

Дүйнө жүзүнө таанымал режиссер жана продюсерлер да Кападокияга чакырылып, Голливуд стандарттарында сериал жана кинолорго Түркиянын кожоюндук кылышы камсыздалат.



Тектеш кабарлар