Измир Enternasyonel жарманкеси башталды
Орусия өнөктөш өлкө катары катышууда
Орусия «өнөктөш өлкө» катары белгиленген Измир Enternasyonel жарманкеси бүгүн 86-жолу каалгаларын ачууда.
Жыл сайын башка тема менен уюштурулган жана быйыл «Инновация-энергия» темасы менен өтө турган жарманкеде Орусиядан бир делегация да орун алат.
Компаниялардын өкүлдөрү жана министрлерден турган делегациянын жетекчилигин болсо, ошол эле учурда Түркия-Орусия өкмөттөр аралык комиссиясынын төрагасы болгон Орусиянын энергетика министри Александр Новак милдетенет.
Түркиядан Орусияга помидор экспорту жана экономикалык байланыштардагы негизги темалардын сүйлөшүлүшү күтүлгөн иш-чарада, энергергетика тармагына тиешелүү маселелер да каралмакчы.
Жарманкеде айрыкча «Энергетика тармагында өнөктөштүк-Орусия-Түркия кызматташтыгынын негизи» темасы менен тегерек үстөл жыйыны өткөрүлөт.
Иш-чара 27-августка чейин уланат.