Венгрияда “Аталар күнү” белгиленди

Венгриянын Бугаж шаарында уюштурулган “Аталар күнү” иш-чарасы чоң кызыгуу жаратты.

789479
Венгрияда “Аталар күнү” белгиленди

Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) колдоосу менен Венгриядагы Туран фонду тарабынан уюштурулган “Аталар күнү ” иш-чарасында Европа Гунн императорлугунун өкүмдары Атилла эскерилди.

Атилла эскерилген иш-чарада 20 метр бийиктиктеги чатыр тигилип, түрк тарыхына байланышкан сүрөттөр көргөзүлдү.

Түнөгүсү келген катышуучулар үчүн көп сандагы салттуу көчмөн чатырлары тигилди.

Ар башка өлкөлөрдүн катышуучулары чогулган иш-чарада, көчмөн элдердин салттары, көңүл ачуулары, жашоо шарттары жана көчмөндөрдүн согуш оюндары жандандырылды. Ат оюндары, концерттер ошондой эле жаа атуу боюнча мелдештер да уюштурулду.

Катышкан өлкөлөрдүн ачкан стенддеринде маданияттарын таанытууга мүмкүнчүлүк болгон иш-чарада, Будапешттеги "Юнус Эмре" институту да түрк салттарын жана үрп-адаттарын тааныткан стенд ачты.



Тектеш кабарлар