Маданияттар министрлигинин таанытуу киносу

Маданият жана туризм министрлиги Түркиянын байлыктарын дүйнөгө таанытуу үчүн жаңы бир кино тартты.

785354
Маданияттар министрлигинин таанытуу киносу

Маданият жана туризм министрлиги Түркиянын байлыктарын дүйнөгө таанытуу үчүн жаңы бир кино тартты. Түркиянын глобалдык туризм кампаниясы "Turkey Home” даярдаган "Home of Poetry" аттуу кино министрликтин социалдык медиа эсептеринен жарыялады. Кино өлкөнүн маданий, көркөм өнөр жана адабият тажрыйбасын дүйнөгө таанытууну максат кылууда. Англис тилинде даярдалган кино Швейцариядагы бир музей  - китепкана болгон Abbey Library of Saint Gallenда башталат.

Кинодо китепанада кыдырган бир китеп сүйүүчү кокусунан түрк ырлар антологиясы менен беттешет. Китеп кинонун каарманына кичинекей кезинде үй  - бүлөсү менен Түркияга жасаган саякатты эске салат. Кинодо китеп сүйүүчүнүн эскерүүлөрү түрк акындарынын саптары менен баяндалат.

Кино каарманынын  кичинекей кезинде Түркияда көргөн тарыхый, табигый жана маданий байлыктардын баары  аралаштырылуу менен көрүүчүлөргө сунушталган. Түркиянын тарыхый жана маданий байлыктарын Яхя Кемал Беятлы, Эдип Жансевер, Фазыл Хүснү Дагларжа, Бедри Рахми Эйүбоглу, Назым Хикмет, Атилла Илхан, Жемал Сүрейа, Ахмет Хамди Танпынар сыяктуу көптөгөн белгилүү акындын саптары кооздоп турат. Home of Poetry проектисин тартуу 4 айга созулду.

Кино Стамбул, Күтахия, Бурса, Трабзон, Анталья, Мугла жана Мардин да араларында болгон 12 шаарда тартылды.

«Цивилизациялардын» жана «меймандостуктун өлкөсү» деген тема боюнча курулган "Turkey Home" консепти  көптөгөн түшүнүккө  ылайыкташтырыла алат. Ушунун негизинде үч жылдан бери активдүү болгон социалдык медиа адрестери да, иликтөөчүлөрү жактан да дүйнөдө экинчи орунда турат.



Тектеш кабарлар