National Geographicтин фотосынагында Дилек Уйар биринчиликти алды

Дүйнөлүк “National Geographic 2017-жылдын эң мыкты саякатчы сүрөтчүсү” аттуу фотосынак болуп өттү.

784036
National Geographicтин фотосынагында Дилек Уйар биринчиликти алды

Түрк фотосүрөтчүсү Ф.Дилек Уйар, сынактын “адам” номинациясы боюнча биринчи орунга татыктуу болду. Уйар Коньянын Силле айылынан бир дубананы сүрөткө тарткан. Тегеренип турган дубананын айланасында обьективин айландырып укмуштуудай сүрөттөрдү тарткан аял Дилек Юрдакул өзгөчө сыймыкка татыды.

Сынактын Гран-при сыйлыгын жеңүүчүлөргө 2 кишилик 10 күнгө Галапагос аралдарына эс алуу жана жылдын мыктысы наамы берилди.

Табият, адамдар жана шаарлар номинациялары боюнча  биринчи орунга 2500 доллар, экинчи орунга 750 доллар, ал эми үчүнчү орунга 500 доллар акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 



Тектеш кабарлар