Жаңы асман телосу аныкталды

Анын Ай болушу мүмкүн экени айтылууда

779573
Жаңы асман телосу аныкталды

Астрономдор Күн системасынын тышында, Жерге 4 миң жарык жылы алыстыктагы бир жылдыздын айланасында Ай болушу мүмкүн экени божомолдонгон асман телосун аныкташты.

Американын космостук агенттигинин (НАСА) «Кеплер» телескобу тарабынан аныкталган асман телосунун, «Хаббл» телескобу менен октябрь айында жүргүзүлө турган иликтөөлөр аркылуу Ай экендигинин ырасталышы үмүт кылынууда.

Аты аталган планетанын көлөмү болсо Юпитердикинен 10 эсе чоң...

Күн системасынын тышындагы ыктымалдуу Айга "Кеплер-1625b" деген ат берилди.

Астрономдор ушул күнгө чейин Күн системасынын тышында 3 миңден ашуун планета аныкташты.



Тектеш кабарлар