Эл аралык тынчтыктын балдары
Мароккодо дүйшөмбү күнү башталган фестивалда түрк балдарынын чыгармачылыгы көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Мароккодо дүйшөмбү күнү башталган «11- Эл аралык тынчтыктын балдары» фестивалынын негизинде фольклордук иш чарада түрк балдарынын чыгармачылыгы көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Борбор шаар Рабаттагы 5 - Мухаммед театрында өткөрүлгөн иш чараларда Кара деңиз аймагына таандык классикалык кийимдер менен фольклордук чыгармачылыктарын тартуулаган түрк балдарын залдагы көрүүчүлөр суктануу менен көрүштү.
Дүйшөмбү күнү Марокконун Сале шаарында башталган фестивалга араларында Түркия, Египет, Палестина, Марокко, Кытай, Габон, Гвинея, Нигерия, Кот-д'Ивуар, Мали, Сенегал жана Тажикстан да болгон дүйнөнүн түрдүү жерлеринен 700 бала катышууда. Bouregreg жарандык коом уюмдарынын тил жана этникалык көп түрдүүлүктүн айкалышы, бирдикте жашоо, диалог жана тынчтыктын түзүлүшү максатында өткөрүлгөн фесьтваль 31 - июлда аяктайт.
Тектеш кабарлар
Канн кинофестивалында түрк киносу таанытылууда
Франциянын Канн шаарында кечээ башталган 77-Канн кинофестивалы 25-майга чейин уланат.
Түрк илимпозуна Германиядан сыйлык
Гумбольдт фонду кечээ борбор калаа Берлинде сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү.