Дүйнөнүн эң мыкты CIP залы Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда...

Коммерсант FM радиосунун баяндамачысы Настя Ройзман, дүйнөнүн эң мыкты CIP залы орун алган аэропортторду тизмеледи.

751194
Дүйнөнүн эң мыкты CIP залы Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда...

Стамбулдун «Ататүрк» аэропорту дүйнөнүн эң мыкты CIP (учаар алдында атайын күтүүчү бөлмө) залдарынан бирине ээ...

Орусиянын мартабалуу медиа тобу Коммерсантка таандык Коммерсант FM радиосунда дүйнөнүн эң мыкты залдарынан биринин Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда экенине орун берилди.

Радионун баяндамачысы Настя Ройзман, дүйнөнүн эң мыкты CIP залы орун алган аэропортторду тизмеледи.

Биринчи орунда Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортун көрсөткөн орус баяндамачысы буларга токтолду: «Дүйнөнүн эң көркөм CIP залы Түркияда, Стамбулдагы аэропортто орун алган. Бул жерде кино, театр залы, пианино, китепкана, атайын бильярд бөлмөсү жана атайын эс алуучу бөлмөлөрү бар. Коноктор бул жерде түрк улутттук ашканасы менен катар, ар түрдүү ресторандарды да тандай алышат».

Орус баяндамачысы эң мыкты  CIP зал тизмелөөсүндө башка аэропорттордун аттарын мындай тизмеледи; Нью-Йорктогу «Жон Кеннеди» аэропорту (АКШ), Хельсинкидеги аэропорт (Финляндия), Абу Дабидеги аэропорт (БАЭ) жана Гонконгдогу аэропорт(Кытай).



Тектеш кабарлар