Түрк опера чебери Орусияда негизги сыйлыкты алды

Түрк сопраносу Гөркем Изги Йылдырым, Орусиянын Красноярск шаарында негизги сыйлыктын ээси болду.

743274
Түрк опера чебери Орусияда негизги сыйлыкты алды

Түрк сопраносу Гөркем Изги Йылдырым, Орусиянын Красноярск шаарында өткөн «Петр Словцов» атындагы Эл аралык 4-Опера чеберлеринин сынагында негизги сыйлыктын ээси болду.

Йылдырым, сынакта Орусиянын жактыргандарынын арасында экенин, эки өлкөнүн ортосундагы маданий карым-катнаштардын ийгиликтүү уланганын белгиледи.

Красноярский мамлекеттик опера жана балет театры өткөргөн жана Орусиянын маанилүү ыр сынактарынан бири болгон «Петр Словцов» атындагы Эл аралык 4-Опера чеберлеринин сынагында Йылдырым, Оффенбахтын «Гофмандын жомоктору» операсынан Олимпия ариясын аткарып негизги сыйлык болгон Гран принин ээси болду.

10 өлкөдөн катышуучулар болгон сынакта Йылдырым, Красноярск областынын губернаторлугунун атайын сыйлыгы менен Эң мыкты элдик ырды ырдоо сыйлыгына да татыктуу көрүлдү.

Орусия менен Түркиянын ортосундагы чеберчилик жагынан кызматташтыкка токтолгон Йылдырым: «Көп жылдар бою Орусия менен маданий карым-катнаштарыбыз жылуу уланууда. Мен да арасында болгонумду мисал катары берсем, Моцарттын «Сарайдан кыз ала качуу» операсы менен Экатеринбургга чакырылып, ал жерде да ийгиликтүү өкүлдүк кылганбыз. Ошондой эле түрдө мурдатан бери биздин сахналарыбызда бири-биринен баалуу хореографиялар, дрижерлор, солист чеберлер жана режиссерлор орун алышты»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар