EXPO-2021 Хатайда өткөрүлөт

Хатайда расмий кол коюулар болду

730784
EXPO-2021 Хатайда өткөрүлөт

Ботаник EXPOну 2021-жылы «Цивилизациялар аянтчасы» темасы менен өткөрүүгө укуктуу болгон Хатайда EXPOнун жооптуу кызматкерлери менен Хатай мэриясынын кызматкерлеринин ортосунда расмий кол коюулар болду.

Хатайдын мэри Лүтфү Саваш кол коюу аземинде: «Кылымдар бою 23 цивилизациянын 13үнө кожоюндук кылган шаар катары, ар башка динге ишенгендер ынтымактуу жана бир туугандай жашаган шаарда эң чоң иш-чаранын өткөрүлүшү бизге дагы, чөйрөдөгү өлкөлөргө дагы үмүт нурун чачат»,-деди.  

Эл аралык Багбанчылык Биримдигинин (AIPH) төрагасы Бернард Устером да, Хатайда EXPO-2021дин эң мыкты деңгээлде өткөрүлүшү үчүн болгон күчүн жумшай тургандарын белгиледи.

AIPHнын башкы катчысы Тим Брайерклифф болсо: «Иш-чараны ийлигиктүү өткөрө турганыбызга ишенемин»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар