23 - Апрель Балдар майрамынын галасы
23 - Апрель Балдар фестивалынын бул жылкы адреси Невшехир болду.
719404
ТРТ тарабынан биринчи жолу 1979 - жылы өткөрүлгөн 23 - Апрель Балдар фестивалынын бул жылкы адреси Невшехир болду.
Галага 26 өлкөдөн 340 бала, ТРТнын баш директору Шенол Гөка, Невшехир губернатору Илхами Акташ жана көп сандаган невшехирлик катышты.
Жаштары 9 – 13 арасында болгон балдар улуттук кийимдери менен сахнага чыгышты. Өлкөлөрүнө таандык бийлери менен өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Түрк үй – бүлөлөрдө калган дүйнө балдары Түркияда болгон убакта түрк маданияты жана меймандостугу менен таанышты. Конок балдар 26 - апрелде өлкөлөрүнө кайтышат.