Фатих Акындын киносу 70 - Канн кино фестивалында жарышат

Фестивалдын жюри төрагасы белгилүү испаниялык режиссер жана сценарист 67 жаштагы Педро Алмадовар

712222
Фатих Акындын киносу 70 -  Канн кино фестивалында жарышат

Түрк тектүү немис режиссер Фатих Акындын киносу 17 – 28 -  майда Францияда өткөрүлө турган 70 -  Канн кино фестивалынын негизги категориясында жарышат.

Канн кино фестивалынын комитетинин башкаруучуларынын Франциянын борбор шаары Парижде өткөргөн пресс – жыйынында фестивалда көрсөтүлө турган жана жарыша турган кинолор билдирилди. Ушуга караганда режиссер Фатих Акындын «Солгун» аттуу киносу негизги категорияда жарыша турган 18 кинонун арасында орун алды.

Түрк тектүү немис режиссер сценарист жана продюссер Акын андан мурда да 2007 -  жылы Канн кино фестивалында «Яшамын кыйысында» аттуу киносу менен эң жакшы сценарий сыйлыгын алган. Көптөгөн эл аралык сыйлык алган Акын «Дувара каршы» киносу үчүн 2004 -  жылы Берлин кино фестивалында «Алтын аюу» сыйлыгына ылайык көрүлгөн. Фестивалдын жюри төрагалыгын белгилүү испаниялык режиссер жана сценарист  катары кабыл алынган жана мелодрамалык кинолору менен билинген 67 жаштагы Педро Алмадовар аткарат.

 



Тектеш кабарлар